Комитетте «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды
28 январь

Комитетте «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору менен кылмыштардын түрлөрүн толуктоо сунушталганын, алар жасалган учурда мунапыс жөнүндө мыйзам колдонулбастыгын баса белгиледи.

Ошентип, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы пункттар менен толуктоо сунушталууда:

  • террористтик ишти каржылоо;
  • террористтик ишти жүзөгө ашырууга эл алдында чакыруу;
  • уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо;
  • курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
  • диверсия.