Москва районунда 2,2 га көлмө мамлекеттик менчикке кайтарылууда
5 сентябрь

Москва районунда 2,2 га көлмө мамлекеттик менчикке кайтарылууда

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан көлмөгө байланышкан мыйзам бузуу аныкталды.

Маалыматка ылайык, «Марьям» кооперативи 1995-жылдан бери жалпы аянты 2,2 гектар болгон көлмөгө мыйзамсыз ээлик кылып келген.

Учурда Москва райондук администрациясынын жана райондук прокуратуранын көмөгү менен аталган көлмөнү мамлекеттик менчикке кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатат.