YAKA брендинде колдонулган кыргыз оюуларына КРнын аймагында патент берилген эмес
Россиялык YAKA брендинде колдонулган кыргыз оюуларына Россиянын аймагында да, Кыргызстандын аймагында патент берилген эмес. Бул тууралуу Кыргызпатенттин билдиришти.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта Россия Федерациясынын жараны Обыденова А.Е. кыргыз оймо-чиймелерин мыйзамсыз патенттеп алып, жана кыргыз оюм-чийимдерин колдонууга тыюу салып жатканы тууралуу айтылууда.
Кыргызпатент бул маалыматты тактоо иретинде бир нече булактан текшерүү жүргүзгөн:
- интеллектуалдык менчик объектилеринин тиешелүү реестрлеринен:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестринен;
- Россия Федерациясынын Роспатентинин тиешелүү ачык маалымат булактарынан карап көрдү.
Россия Федерациясында да, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлеринде да, А.Е.Обыденовага жана YAKA жоопкерчилиги чектелген коомуна кыргыз орнаменттери интеллектуалдык менчик объектилери катары катталбагандыгын расмий билдирет.
Маалымат үчүн: Интеллектуалдык менчик обьект катары товардык белгилер, ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, ошондой эле илим, адабият жана искусство чыгармалары эсептелет.
Демек, Кыргыз Республикасынын аймагында Анна Обыденова айым интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө эч кандай өзгөчө укуктарга, анын ичинде ар кандай дизайн объектилерин, оймо-чиймелерди, жасалгаларды – өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууга тыюу салуу укугуна ээ эмес.
Россия Федерациясында YAKA жоопкерчилиги чектелген коому YAKA товардык белгиси катары кара тик бурчтуктун фонунда ак тамгаларды каттаткан. Бул товардык белги маданий мурастарга тиешелүү эч кандай оймо-чиймелерди же декоративдик элементтерди камтыбайт.
Ошол эле учурда YAKA товардык белгиси Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоону алган эмес.
Россия Федерациясынын аймагында да Обыденова айымга өнөр жай үлгүсү катары патент берүү боюнча расмий маалымат жок.
Демек, Россия Федерациясынын жараны Обыденова А.Е. же YAKA жоопкерчилиги чектелген коому анын товарларындагы оймо-чиймелерди үчүнчү жактарга чыгарууга тыюу салууга укугу жок!
