Чаткалда Жалпы дарыгерлик практика борборунун 85 орундуу жаңы имараты курулат
9 июль

Чаткалда Жалпы дарыгерлик практика борборунун 85 орундуу жаңы имараты курулат

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барып, жаңы имарат куруу иштерине даярдык менен таанышты.

Жаңы долбоордун алкагында ЖДПБнын 85 орундуу заманбап үч кабаттуу имаратын куруу пландалууда.

Анын курамында терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү болот. Учурда айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Саламаттык сактоо министрлиги техникалык тапшырманы даярдап жатат, ал эми долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Курулуш иштеринин башталышы 2025-жылдын август айына, ал эми аякташы 2026-жылга пландалган.

Жаңы имарат куруу демилгеси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлүп, курулуш иштери анын жеке көзөмөлүнүн астында жүрүп жатат.