Жеке маалыматтарыңызды коргоңуз! СӨМ алдамчылык аракеттер тууралуу эскертет
КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги шылуундар тууралуу эскертет.
Министрлик билдиргендей, "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү жарандарга телефон чалышпайт, билдирүү жөнөтүшпөйт жана тиркемеге катталууну сунушташпайт.
"Сыр сөздөрүңүздү, логиндериңизди же башка жеке маалыматтарыңызды эч качан сурабайбыз. Этият болуңуздар жана жеке маалыматтарыңызды белгисиз адамдарга бербеңиздер. Эгер Сиз шектүү аракеттерге туш болсоңуздар, дароо укук коргоо органдарына кабарлаңыздар", - деп айтылат маалыматта.
