Сел алган Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу калыбына келтирилди
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолундагы айланма жол толугу менен калыбына келтирилип, каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жабыркаган жолду калыбына келтирүүгө жерине 3 жүктөгүч, 3 Хово жана 1 экскаватор тартылган.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болжол менен саат 10:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго салынган темир бетон шакекчелерди жууп кетип жол каттамы убактылуу жабылган болчу.
