Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
5 сентябрь

Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Ушул жылдын 6-сентябрынан тартып Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Мэриядан кабарлашкандай, аталган тилкенин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.