Оштун мэрине президенттин атынан унаа тапшырылды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге президенттин атынан унаа тапшырылды.
Унаанын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы жетекчилер менен болгон жыйындан соң тапшырган.
Ташиев өз сөзүндө Ош шаарынын мэринин ийгиликтүү жана натыйжалуу иш аракети башка мамлекеттик жетекчилерге үлгү катары бааланып, унаа белекке берилип жаткандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, күн мурун УКМК төрагасы Ош шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө калаада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көрүп, жигердүү иштеп жаткандыгы үчүн Жеңишбек Токторбаевге мамлекет башчысынын атынан унаа белек кыларын убадалаган болчу.
