Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны 2,6% азайды
28 январь

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны 2,6% азайды

 Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 4-жумасында (20.01.25 - 26.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 441 учуру жана сасык тумоонун 53 учуру катталган (и.к. 161,9), өткөн жумага салыштырмалуу (03-жума, и.к. 166,2) -2,6%га аз катталган. Ооругандардын 5%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралуусу байкалууда, анын ичинде эң көп таралганы респиратордук синтициалдык вирус – 29,9%, риновирус – 25,2%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 12,1%, башка вирустук инфекциялар 19,6%ды түздү.

2024-жылдын декабрь айынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан келип чыккан сасык тумоо мезгили байкалууда жана В тумоосунун айрым учурлары - 13,2% жана COVID-19 - 6,8% болду.

Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.