Депутат Кыргызстандагы балдар үйлөрүн жабуу аракети болуп жатканын билдирди
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова Агартуу министрлиги тарабынан балдар үйлөрүнө, жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө чоңойуп жаткан балдар билим алган интернаттарга текшерүү жүрүп жатканын билдирди.
“Жетим балдар окуган интернаттарга кандайдыр бир реформа киргизүүдөн этият болсок. Биринчи тыкыр анализдеп, андан кийин гана сунуш берип, алгач пилоттук режимде байкап көрсөк. Биздин элдин аң сезими жете элек, өз үй-бүлөбүздөгү балдарды психологиялык жактан саламаттыгы чың кылып тарбиялоого жетишпей жатабыз. Үй-бүлөлүк зомбулуктар болуп жатат, коом дегредацияга учуроодо. Ушундай маалда интернаттардын тарбиялануучуларын, тарбиячыларын санааркатып, текшерүү туура эмес”, - деди депутат.
Ал Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, өлкөдөгү бардык балдар үйлөрүнө жана интернеттарга мониторинг жүргүзүүнү сунуштады.
“Мындай жайларды жоюу боюнча аракет жүрүп жаткандай. Аларды жоюш керек эмес, тескерисинче, жардам беришибиз керек”, - деди Аманова.
