Бишкекте таштандыларды мыйзамсыз таштаган жер тилкесинин ээсине 23 миң сом айып пул салынды
видеодон алынган кадр
15 октябрь

Бишкекте таштандыларды мыйзамсыз таштаган жер тилкесинин ээсине 23 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым даярдоочу жайдын аймагында таштандылардын мыйзамсыз ташталгандыгы боюнча жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды белгиленбеген жерге мыйзамсыз таштоо фактысы аныкталды.

Аталган укук бузуу боюнча жер тилкесинин ээсине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, аймакты таштандылардан тазалоо боюнча эскертүү берилип, жер тилкесинин ээсине тиешелүү тазалоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.