Талиева Акыйкатчыны “прокурордук почеркти токтотуп, социалдык көйгөйлөр менен алектенүүгө” чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага сунушун жолдоду.
Ал Акыйкатчылык социалдык көйгөйлөргө жетиштүү көңүл бурбай жатканын белгиледи.
“Социалдык көйгөйлөр экинчи планда калып жатат. Албетте, сиз прокуратурада иштеп келген тажрыйбалуу адиссиз. Сиздин ишмердүүлүгүңүздө прокурордук кесиптик “почеркиңиз” басымдуулук кылып жаткандай. Социалдык эмне деген гана маселелер жок: жетим балдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн укугу, саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөр, мисалы, онкологияга кабылган жарандар укугу бузулуп жатканына көп даттанышат. Парламент сизге курал болуп бериши керек. Бул жерде көйгөйдү көбүрөөк айтыңыз”, - деди депутат.
Ал Акыйкатчыны “супсак, шаблондон чыкпаган, стандарт отчеттор менен чектелип калуудан” алыс болууга чакырды.
“Акыйкатчы – бул системадагы терс көйгөйлөргө балта чабуучу. Мен жобосун окуп чыккам, Акыйкатчылык абдан күчтүү институт”, - деди Талиева.
