Депутат ооруканадан ВИЧ жугузуп алган улан-кыздарга МИКтен үй берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашев 20 жыл мурда Ош шаарындагы ооруканадан ВИЧ жугузуп алган балдардын ата-энелери депутаттарга кайрылып жатышканын билдирди.
Ал КР Акыйкатчысына кайрылып, бул балдарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир бөлүп берүү демилгесин көтөрүүсүн суранды.
“Азыр алар бойго жетип калышты. Башкаларга турмушка чыгып же үйлөнө алышпайт, бири бири менен баш кошуп жатышыптыр. Чынында, алардын тагдыры талкаланды. Башынан ылдый алтын куюп жиберсек да аздык кылат”, - деди депутат.
Ошондой эле депутат балдар колониясындагы абалга кызыкты.
“Балдар колониясына системалуу түрдө барып турабыз. Ал жакка Акыйкатчылыктын кутусу орнотулган, ага кирүүгө ЖАМК кызматкерлеринде мүмкүнчүлүк жок, бир гана биз көзөмөлдөй алабыз. Ал кутуга колонияда кыйноо көргөндөр, мыйзамсыздыкка туш болгондор арыз калтыра алышат. Азырынча балдар колониясынан андай арыздар түшө элек. Биз негизинен кармоо шарттарын, медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн текшеребиз. А эгерде кыйноо боюнча арыз түшсө, ыкчам реакция кылабыз”, - деди Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.
Айтымында, учурда балдар колониясында 27 соттолгон өспүрүм бар.
