Соцконтракттын алкагында ишкерлик баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Соцконтракттын алкагында ишкерлик баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты

2022-жылдан бери «Социалдык контракт» программасынын алкагында 59 миңден ашык аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү.

Эмгек министрлигинен кабарлашкандай, алардын ичинен 31 катышуучунун жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты.

«Социалдык контракт» программасы жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.

2022-жылдан тартып 2026-жылдын 1-октябрына карата программанын алкагында жалпы 59 354 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн.

Катышуучулар сунуштаган бизнес-пландар негизинен айыл чарба, өндүрүш, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармактарын камтыйт. Атап айтканда, бизнес-долбоорлордун 73,3 пайызы айыл чарба, 13,8 пайызы өндүрүш, 6,7 пайызы соода-сатык жана 6,2 пайызы кызмат көрсөтүү тармактарында ишке ашырылган.

Бүгүнкү күндө жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан 31 ишкер аныкталды. Алардын бизнеси төмөнкү тармактарда өнүгүүдө:

  • 10 ишкер — кызмат көрсөтүү тармагында;
  • 9 ишкер — өндүрүш тармагында;
  • 8 ишкер — соода-сатык тармагында;
  • 4 ишкер — айыл чарба тармагында.

Жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан ишкерлердин басымдуу бөлүгү социалдык контрактты 2022–2023-жылдары алышкан. Бул ишкердикти өнүктүрүү, туруктуу кардарларды табуу жана кирешени көбөйтүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынарын көрсөтөт.

«Социалдык контракт» программасы жарандарга өз алдынча киреше табууга, чакан бизнесин өнүктүрүүгө жана үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.