Калпаев: Россияда 3 айлык кыргызстандык бөбөк көзөмөлдөнүүчү жактардын реестрине кирген
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактияр Калпаев Россияда 3 айлык кыргызстандык бөбөк көзөмөлдөнүүчү жактардын реестрине кирип калганын белгиледи.
Ал КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, Россиядагы мигранттардын маселеси курч болуп турганын эске салды.
“Россиядагы мекендештерибиздин эң орчундуу маселеси – реестр. Миңдеген жарандар кирип калган. Аларды ал жактан чыгаруу үчүн кандай иш алып баруудасыңар?” – деп сурады депутат.
Жаманбаева белгилегендей, Россияда консулдук каттоодо 341 миң кыргызстандык турат. Бирок бардык аракет Россиянын мыйзамдарына гана ылайык жасалышы керек.
Бактияр Калпаевдин айтымында, мигрант ата-энеси менен Россияда жашаган 3 айлык, 1 жаштагы, 6 жаштагы бөбөктөр дагы реестрге кирип калган.
“Бөбөктөр кандай мыйзамды бузушу мүмкүн, кандай кылмыш кылышы мүмкүн? Россиянын Акыйкатчысына жолуксаңыз, ушул маселени кабыргасынан коюп, чечүүгө аракет кылыңыз. Москва шаарына иш сапарга барат экенсиз, жөн эле барып келе бербей, бир маселени чече келгиле”, – деди депутат.
