Ош: Унаа жолдорунун жээгинде 25 уруксатсыз объект аныкталды
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, унаа жолдорунун жээктеринде жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек–Ош жана Өзгөн–Кара-Кулжа унаа жолдорунун жээктеринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектиси аныкталды.
Алардын ичинен:
* 11 жеңил типтеги дүкөн;
* 5 чарбалык товарлар дүкөнү;
* 6 тез тамактануучу жай;
* 3 чач тарач.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, аларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти юридикалык жана жеке жактарды курулуш жана тейлөө объектилерин жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптарын так сактоого чакырат.
