Депутат Россиядагы мигранттардын таламын талашпаган Акыйкатчылыкка нааразы болду
15 октябрь

Депутат Россиядагы мигранттардын таламын талашпаган Акыйкатчылыкка нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева КР Акыйкатчылыгы Россиядагы мигранттардын укугун коргоо жаатында эч кандай аракеттерди көрбөгөнүн билдирди.

“Жок дегенде мисал катары бир-эки ишти жасап койбойсуңарбы. Силердин кайрылганыңар башка да. Бул мекендешке мындай маселеде жардам бердик деп айта ала турганыңар жок экен”, – деди ал Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып.

Жамиля Жаманбаева бүгүн Москва шаарына иш сапарына чыгаарын билдирди. Айтымында, Россиянын Акыйкатчысы менен жолугушуусу болот жана ошол жерден мигранттарга да тиешелүү бир катар маселелер көтөрүлөт.

Бирок ошол эле убакта Жаманбаева мигранттардын маселесин карай турган ыйгарым укуктуу органдар көптүгүн кошумчалады.

“ИИМдин Москва шаарында өкүлчүлүгү бар, консулдар, элчиликтер бар. Менин оюмча, мигранттарга тиешелүү маселелерди ушул жакта иштегендер ыкчам көтөрүшү керек. Бирок мен да ар дайым ыйгарым укуктарымдын чегинде, Россиянын Акыйкатчысы менен бирге протоколдун алкагында тийиштүү иштерди алып барабыз”, – деди Акыйкатчы.

Анын айтымында, Акыйкатчылык 2025-жылы Россияда иштеп жүргөн 14 кыргызстандыктын кайрылуусу боюнча иш алып барган. Казакстанда калган 2 өспүрүм кызды мекенине алып келүүгө көмөктөшкөн. Бир жарандын укугун коргоо үчүн Түркиядан тиешелүү документтерди алып келген.