Чүй облусундагы алгачкы «Кемин» чек ара заставасынын реконструкцияланышы
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 1-августунда Чүй облусунда реконструкцияланган «Кемин» чек ара заставасынын салтанаттуу ачылышы болгонун маалымдайт.
Кемин районунун Нур айылында жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бул застава түндүк аймактагы капиталдык оңдоодон өтүп, инфраструктуранын жаңы элементтери курулган биринчи объект болуп калды.
«Кемин» заставасын реконструкциялоо чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү векторунун өзгөрүшүн көрсөтөт.
Буга чейин негизги көңүл түштүк аймагына бурулуп, КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан бүгүнкүкүндө коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берген 60тан ашык заманбап объектилер курулган.
Эми болсо өлкөнүн бардык чек араларын комплекстүү бекемдөөнү камсыз кылуу үчүн көңүл түндүк аймактарга, тактап айтканда, негизги звено – чек ара заставасына бурулууда.
«Кемин» чек ара комплексин тапшыруу жанапайдаланууга берүү аземине КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор Абдикарим Алимбаев, КР Президентинин Чүйоблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев, Чек ара кызматынын ардагерлери жана КР УКМК Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамыкатышты.
Өз сөзүндө генерал-майор А.Алимбаев чек ара объекттерин реконструкциялоо мамлекеттик чек араларды бекемдөө программасынын алкагындагы негизги артыкчылыктардын бири экендигин белгиледи. Ал ведомстводо болгон олуттуу жаңыланууларды баса белгилеп өттү.
«Чек ара кызматы бүгүнкү күндө жана дээрлик 5-6жыл мурун такыр эки башка структуралар, – деди генерал-майор А.Алимбаев. – Бүгүнкү күндө ведомство кубаттуу учкучсуз учуучу аппараттар, жогоркутехнологиялык куралдар жана техника менен куралданган. Биздин түштүктөгү аскер кызматчылар заманбап чек ара комплекстеринде кызмат өтөшөт.
Азыр биз акырындык менен түндүк аймактагы бөлүктөрдө кызмат өтөөшарттарын жакшыртууга өтүп жатабыз.
«Кемин» заставасы – биздин Чүй районундагы биринчи объектибиз. Мындан ары да түндүк аймактагы чек ара заставаларын куруу жанакапиталдык оңдоо иштери улантылат».
«Кемин» чек ара заставасы аскер кызматчыларынын күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбапкомплекс болуп саналат.
Чек ара комплекси инфраструктуранын негизги жана көмөкчү элементтери менен жабдылган, анын ичинде заманбап казармалар, кызматтык бөлмөлөр, кампалар, мончо комплекси, жайкы ашкана, унаа бокстору, ат сарай жана кызматтык иттер үчүн жайлар бар. Заставанын аймагында өздүк курамды дене тарбия жактан даярдоо үчүн сап майдан жана спорт аянтчасы жабдууланган. Аймак толугу менен жашылдандырылды.
«Кемин» чек ара комплексин капиталдык оңдоого жанакөрктөндүрүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн «Кемин» чек ара заставасынын өздүк курамы 200 чакырымга жакын мамлекеттик чек араны кайтарууга жооптуу. Бул тилкенин басымдуубөлүгүн (дээрлик 90%) тоолор ээлейт, калган бөлүгүн түздүк жана Чу дарыясын бойлой өткөн суу чек арасы түзөт.
