Кыргызстанга Швейцариядан асыл тукум уйлардын уруктары алып келинди
Кыргызстанга малдын асылдуулугун жана кунардуулугун жогорулатуу максатында Швейцариядан асыл тукум уйлардын уруктары алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, алып келинген укуктарды өлкөдөгү бардык фермерлер жеңилдетилген шартта сатып алса болот.
Асыл тукум уйлардын уруктары айыл жериндеги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Агробизнестин атаандаштык борборунун ишке ашырылып жаткан малды жасалма уруктандыруу долбоорунун алкагында ишке ашууда.
Жасалма уруктандыруунун негизги максаттары:
Малды тукум жактан жакшыртуу – эң мыкты асыл тукум бука же кочкорлордун уругун пайдаланып, сапаттуу урпак алуу.
Ооруудан сактануу – жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу.
Экономикалык үнөмдүүлүк – асыл тукум эркек малды бардык фермерлерге жеткиликтүү кылуу.
Репродуктивдүү натыйжалуулукту жогорулатуу – тукумсуздукту азайтуу жана төл алуу деңгээлин жогорулатуу.
