Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды
9 июль

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жерине үч жүктөгүч, 3 Хово жана 1 экскаватор тартылып, айланма жол калыбына келтирилип, бир тараптуу жол каттамы ачылды.

Унаалар кезек-кезеги менен өтүүдө. Жеринде унаа жолду кеңейтүү иштери уланууда.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болжол менен саат 10:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго салынган темир бетон шакекчелерди жууп кетип жол каттамы убактылуу жабылган болчу.

Кошумча маалымат берилет