Жалал-Абаддын борбордук базарында мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды
20 февраль

Жалал-Абаддын борбордук базарында мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө мыйзамсыз тамеки продукцияларын аныкташты.

МСКдан кабарлашкандай, базардын кампаларынын биринен жалпы суммасы 828 миң сомдон ашкан 7 миң 528 куту тамеки буюмдары тартып алынган.

Продукциянын акциздик маркалары жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес.

Аталган факты боюнча жеринде КРнын мыйзамдарына ылайык процессуалдык документтер таризделип, ал эми материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы тамеки жана алкоголдук продукциялардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.