Кыргызстанда унаалардын техникалык кароосун ИИМдин мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү сунушталууда
сүрөт: depositphotos.com
15 октябрь

Кыргызстанда унаалардын техникалык кароосун ИИМдин мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү сунушталууда

Кыргызстанда транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жана президенттин жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Салыштырма таблицага ылайык, учурда техникалык кароону улуттук аккредитация системасында ISO/IEC 17020 стандарты боюнча аккредитациядан өткөн диагностикалык борборлор жүргүзөт.

Жаңы редакцияга ылайык, пайдаланууда жүргөн унааларды техникалык кароодон өткөрүү, ошондой эле конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражаттарына экспертиза жүргүзүү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасынын аккредитациядан өткөн техникалык кароо пункттарына жүктөлөт.

Мында унаа ээлери техникалык кароо пунктун өздөрү тандоо укугун сактап калышат.

Техникалык кароо пункттары унаалардын Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана өлчөө каражаттары менен камсыздалышы керек.

Ошондой эле техникалык кароодон өтүү процессин сүрөткө тартуу жана анын жыйынтыктарын «Түндүк» системасы менен интеграцияланган бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системага онлайн режиминде жөнөтүү милдеттүү түрдө киргизилет.

Техникалык кароо пункттарында иштөө тартиби, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жана талап кылынган документтердин тизмеси көрсөтүлүшү керек.

Техникалык кароодон өтүү үчүн унаа ээси арыз берип, транспорт каражатын, өздүгүн тастыктаган документти жана унаанын каттоо күбөлүгүн көрсөтүп, белгиленген прейскурантка ылайык кызмат акысын төлөшү зарыл.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, өзгөртүүлөр унаалардын техникалык абалын баалоонун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын тактоого багытталган.