«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору кызматтан алынды
"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев кызматынан өз арызы менен кетти. Маалыматты ал өзү ырастагандыгын 20-февралда "Азаттык" жазды.
Билдирүүдө ал кызматтан кетүүсүнө MCN coin криптоактивин жарнамалоо маселеси себеп болбогонун белгиледи.
Басылмага жаңы башкы редактор болуп ким дайындалганы азырынча расмий маалымдала элек.
