Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, ал бир нече кылмыш фактыларына тиешеси бар болуп, жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашат
6 май

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, ал бир нече кылмыш фактыларына тиешеси бар болуп, жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашат

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну Ы.М. жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Ал өз кайрылуусунда «А.» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган, анткени анын айтымында, ал алган милдеттенмелерин аткарган эмес.

Такталган маалымат боюнча, 2026-жылдын 13-январында арыз ээси аталган жаранга өзүнө таандык эки автоунааны – «KIA Sportage» жана «Mercedes-Benz S500» – сатуу максатында өткөрүп берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 22 715 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылган эмес.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган А.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жаранга карата ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын дагы кеминде үч ушундай алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды.

Жарандарга кайрылуу:

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүүдө, айрыкча мүлктү үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө этият болууга чакырат. Эгер сиз аталган жарандан жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, тез арада ички иштер органдарына кайрылууну өтүнөбүз.