Ош ОИИБ: Үч күндүк түнкү рейдде 126 укук бузуу протоколу түзүлдү
9 июль

Ош ОИИБ: Үч күндүк түнкү рейдде 126 укук бузуу протоколу түзүлдү

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жайкы туристтик мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында түнкү рейддерди күчөттү.

Кызматкерлер түнкү кайгуулдарды уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин беренелеринин талаптарын бузган 126 (жүз жыйырма алты) атуулга административдик протоколдорду түзүшүп, айып пулдарды салышты. 18 (он сегиз) жаран ички иштер органдарына жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 31 (отуз бир) автоунаа айып короого киргизилди. 4 (төрт) мас абалда автоунаа башкарып бараткан айдоочу аныкталды.

Иш-чаранын максаты- жарандардын түнкүсүн тынч эс алуусун камсыз кылуу, укук бузуунун жана кылмыштулуктун алдын алуу болуп эсептелет.