Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу убактылуу жабылды
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун алдын ала маалымат боюнча, болжол менен саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Жол каттамы убактылуу жабык.
Жерине тиешелүү техникалар тартылган. Кошумча маалымат берилет.
