Абайлаңыздар! Улуттук банк соцтармакта жалган утуштар өткөрүлүп жаткандыгын эскертет
5 октябрь

Абайлаңыздар! Улуттук банк соцтармакта жалган утуштар өткөрүлүп жаткандыгын эскертет

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар Улуттук банк акчалай утуш өткөрүп жаткандыгы, ал үчүн жарандар шилтеме аркылуу өтүп, жеке маалыматтарын каттаган шартта акчалай сыйлык утуп алуусу мүмкүндүгү жөнүндө жалган маалыматтар тарап жатат. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк эч кандай утуштарды өткөрбөй тургандыгын жана лотереяларды ойнотпой тургандыгын, ошондой эле аларды уюштуруу иштерине катышпай тургандыгын билдирет.

"Шектүү шилтемелерди ачуудан жана ага жеке маалыматтарды киргизүүдөн алыс болуңуз. Алдамчылардын максаты – акча каражаттарыңызга жетүү жана уурдоо", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Улуттук банк жеке адамдарды тейлөө ишин жүзөгө ашырбай тургандыгын билдирет. Андан тышкары, Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.

"Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылып калсаңыз бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууңуз зарыл", - деп кошумчалады өлкөнүн башкы банкынын маалымат кызматы.