Депутат 16 жашка чыга элек кызга анын макулдугу менен үйлөнгөн эркектердин жоопкерчиликке тартылышын туура эмес деп эсептейт 
29 май

Депутат 16 жашка чыга элек кызга анын макулдугу менен үйлөнгөн эркектердин жоопкерчиликке тартылышын туура эмес деп эсептейт 

Кыргызстанда буга чейинки коррупцияга каршы күрөш канча деген үй-бүлөлөрдү талкаланышына жол ачты. Мындай пикирин ЖК депутаты Исманали Жороев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

Ал УКМК буга чейин катаал тартиби менен элди кыйнап жибергенин белгиледи. 

“Баарыбыз күбө болдук, менин башымдан да өттү, көп жолу чакырышып, ар кандай нерселер менен... аны майдалап айтыштын кереги жок. Мисалы, Кара-Балта шаарынын мурдагы мэрин ала турган болсок, ал бечараны мындай эле... жеке аудиторлорду жалдап келишип... Негизи бул туура эмес, мамлекеттин өзүнүн Эсептөө палатасы, Юстиция министрлигинин алдында мамлекеттик соттук экспертиза бар, ошолор текшериш керек. Анан жеке аудиторлорду жалдап келип эле, мурдагы мэрди каматып жиберишти. Анын апасынын бир жак капталы кыймылдабай калыптыр. Соттун чечиминен кийин гана бирөөнү күнөөлүү деп таап камаса жүйлөлүү болмок”, – деди ал. 

Депутат ошондой эле 16 жаштагы кызга өзүнүн макулдугу менен үйлөнгөн балдардын да жоопкерчиликке тартылып кетип жатканын туура эмес деп эсептеди.