Коррупцияга каршы стратегиянын аткарылышына карата мониторинг улантылууда
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасытарабынан 2024-жылдын 5-июнундаПрезиденттин Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик стратегиянын аткарылышына карата мамлекеттик органдардамониторинг жүргүзүлүүдө. Жалпысынан, мекемелер өздөрүнүн ички пландарын бекитишкен, бирок айрым кемчиликтерди оңдоо зарылдыгы аныкталды.
Мисалы, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан пландарда бир катар мүчүлүштүктөр бар экендиги белгиленди. Тактап айтканда, документтерди бекитүүдө айрым талаптар аткарылган эмес, ошондой эле санариптештирүү, ачык-айкындуулук жана коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча так чаралар каралбай калган.
Кээ бир учурларда пландартүздөн-түз антикоррупциялык мүнөзгө ээ эмес же Стратегиянын негизги максаттарын камтыбай калган. Мамлекеттик башкаруу академиясы өзүнүн планын өз убагында бекиткенине карабастан, анын мазмуну коррупцияга каршы саясаттын жалпы талаптарына ылайыкташтырып, иштеп чыгуу талап кылынат.
Башкы прокуратура тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү сунуштар жөнөтүлүп, Стратегиянын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракекеттенүү жүргүзүлүүдө.
Стратегиянын аткарылышына мониторинг жасоо жана бул багыттагы аракеттерди координациялоо иштери мындан ары да улантыла бермекчи.
