КР ИИМ башчысы Интерполдун президенти менен жолугушту
20 февраль

КР ИИМ башчысы Интерполдун президенти менен жолугушту

Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Интерполдун президенти Ахмед Насер Аль-Раиси менен жолугушту.  Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол) ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

"Белгилүү болгондой, 1996-жылы Кыргыз Республикасы Интерполдун мүчөсү болуп, КР ИИМ Интерполдун Улуттук бюросун түзгөн. Биргелешкен активдүү жылдардын ичинде биздин өлкө эл аралык полиция коомчулугунда татыктуу орунду ээледи, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү бекемдеди жана эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдө өнөктөштүктүн географиясын кеңейтти", - деди Кыргызстандын ички иштер министри.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, акыркы беш жылда Кыргызстан дүйнөлүк коопсуздук рейтингинде өзүнүн позициясын кыйла бекемдеди, бул укук тартибин камсыз кылуу жана жарандарды коргоо чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралардын жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Чет мамлекеттердин укук коргоо органдары, КР ИИМ кызматкерлери менен тыгыз кызматташуунун аркасында Интерпол линиясы боюнча оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эл аралык кылмышкерлерди кармоо жүргүзүлдү.

Улан Ниязбеков белгилегендей, КР ИИМи эл аралык өнөктөштөр менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантып, кызматташтыктын масштабын кеңейтүүдө жана глобалдык деңгээлде кылмыштуулукка каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүүдө.

Өз кезегинде ИнтерполдунпПрезиденти биргелешкен ишти жогору баалап, Интерполдун ресурстарын жана маалымат базасын натыйжалуу пайдалануу үчүн өнөктөштүк байланыштарды тереңдетүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар ыкчам маалымат алмашуунун жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин тастыкташты.