16 жашка чейинки балдарга чет элдик паспорт алуу үчүн кандай документтер керектелет? 
29 май

16 жашка чейинки балдарга чет элдик паспорт алуу үчүн кандай документтер керектелет? 

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдарга чет элдик паспорт алуу процедурасы жеңилдеди. Жакында тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон жана документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет. 

КР президентинин алдындагы “Кызмат” Мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы Перизат Сейдакматованын “Биринчи радиого” билдиргенине караганда, мыйзамга ылайык бир катар нормалар өзгөртүлдү. 

“Биринчи кезекте бул балдардын кызыкчылыгын коргоо. Практикада бизге миңдеген ата-энелер балдарына чет элдик паспорт алуу үчүн келишет, бирок ата-энелердин бирөө өлкөдө болбой калат же баланын жашоосуна катышпаган болот. Кайда жүргөнү белгисиз. Мындан улам баланын укугу чектелип, чет элдик паспорт ала албай калат. Бул бюрократиялык маселелерди жаратат. Дайынсыз кеткен ата-энени издөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылууга, ата-энелик укуктан ажыратууга туура келет. Мисалы, чет өлкөлөрдөгү спорттук олимпиадаларга же кандайдыр бир мелдештерге катышууга бара турчу балдарга бул кыйынчылык жаратат”, – деди Сейдакматова. 

Анын айтымында, жаңы мыйзам эми мындай татаалдыктарды жоет. Ага ылайык, балага чет элдик паспорт алуу үчүн ата-эненин бирөөсүнүн же мыйзамдуу өкүлүнүн гана макулдугу керектелет. Дагы бир өзгөрүү – баланын туруктуу жашаган жери боюнча каттоосу талап кылынбайт.

“Мурда баланын Кыргызстандын аймагында сөзсүз жашаган жери боюнча каттоосу керектелчү. Бул татаалдыкты жараткан, анткени бардык эле жарандардын үйү боло бербейт, баланы убактылуу каттоого тургузуу үчүн ар кимден суранууга туура келген. Андан сырткары ишеним кат дагы талап кылынчу – бул кошумча чыгаша. Азыр балдарга паспорт үчүн документ тапшыраарда ишеним каттын кереги жок, болгону ата-эненин бири бала менен чогуу келиши керек. Акысыз бланк берилет, аны толтурушат, документ үчүн баланы сүрөткө тартуу дагы бекер”, – деди ал. 

Перизат Сейдакматова кошумчалагандай, 16 жашка чейинки балдарга чет элдик паспорт документ тапшырылгандан кийин 10 жумуш күнүнүн ичинде берилет, ал эми улууларга 18 күндө.