Кыргызстанда жер титирөө катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыргызстанда 14-октябрда кечинде 3,4 магнитудалык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 21:09:15те катталган. Жер титирөөнүн очогу 41,2 түндүк кеңдикте жана 75,35 чыгыш узундукта жайгашкан. Очоктун тереңдиги 16 чакырымды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогундагы силкинүүнүн күчү 3 баллга бааланган.

Сейсмология институту жер титирөөнүн силкинүүсү Кыргызстандын аймагында сезилгенин маалымдады.