Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Чолпон-Атага келди
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Чолпон-Атага келди

Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен Чолпон-Атага келди. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын делегациялары, ошондой эле КМШнын Коргоо министрлер кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Катышуучулар Шериктештиктин алкагында аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карап, КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн 2027-жылга карата биргелешкен иш-чараларын макулдашат.

Мындан тышкары, Андрей Белоусов жыйындын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн аскердик ведомстволорунун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.

Ошондой эле Россиянын Коргоо министрлигинин башчысы Кыргызстандын аймагында жайгашкан россиялык аскердик объектилерге барат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыйын КМШ өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.