КР элчиси Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
4 октябрь

КР элчиси Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдииршти. 

Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган Россияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана пландалган иш сапарлардын алкагында алдыдагы биргелешкен иш-чараларга даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду тереңдетүү жана көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара ниеттер ырасталды.