Ош шаарында жарым жылда 15 жаңы сейил бак курулду
видеодон алынган кадр
18 август

Ош шаарында жарым жылда 15 жаңы сейил бак курулду

Күн мурун, 17-август Ош шаарындагы Абакир уулу Төрөбек көчөсүндөгү жаңы эс алуу жайы пайдаланууга берилди.

Мэриядан кабарлашкандай, ал Увам каналынын боюна курулуп, аянты дээрлик 1 гектарды ээлейт.

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, каналдын корук зонасы бошотулган.

Жаңы парк тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен курулуп, өзгөчө дизайн менен жасалган.