Садыр Жапаров Душанбеде КМШ мамлекет башчыларынын бейформал кечки тамагына катышты
10 октябрь

Садыр Жапаров Душанбеде КМШ мамлекет башчыларынын бейформал кечки тамагына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-октябрда Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарындагы Өкмөттүк резиденцияда өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин бейформал кечки тамагына катышты.

Мунун алдында лидерлер резиденциянын аймагында кыска убакыт сейилдешти.

Андан соң Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун атынан жогорку даражалуу коноктордун урматына кабыл алуу аземи уюштурулду.