2025-жылы балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү боюнча  57,5 млн. сом бөлүндү
20 февраль

2025-жылы балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү боюнча 57,5 млн. сом бөлүндү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмгө 2025-жылдын 1-февралына карата 14 346 балага 57 522 000 сом каржыланды, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 000 сом төлөнүп берилди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2024-жылдын 1-февралына карата 14 835 балага 59 477 000 сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 000 сом төлөндү.

Маалымат катары:

  • бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
  • бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт;
  • “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;
  • “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • акча каражаты арыз берилген күндөн 2 жумуш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;
  • жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.
  • “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Эскертүү:

“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн Калкты тейлөө борборунан алган арыз бланка зарыл эмес.

жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Суроолор боюнча байланыш номер: 0312 312 502