Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды
9 июль

Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Талас РИИБге 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 27-апрель күнү саат 13:00 чамаларында үйүнө эки жаш бала келип уюлдук компаниянын SIM-картасын сатып, каттоо учурунда 15 000 (он беш миң) сом онлайн кредит алып, өздөрүнө которуп алганын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Талас РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын тургундары 2006-ж.т. Х.И. жана 2007-ж.т. И.А. кармалып, тергөөгө камсыз кылынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.