Ошто жаңы жылуулук ишканасын куруу долбоору талкууланды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын башкы директорунун орун басары Чжан Цзиньфанды кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде таштандыларды күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды.
Аталган долбоор ишке ашырылса, кышкы мезгилде Ош шаарынын тургундарын ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөрү белгиленди.
Айта кетсек, долбоордун алкагында курула турган ишкана болжолдуу күнүнө кубаттуулугу 2000 тонна таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алат.
Жолугушуунун соңунда долбоорду даярдоо жана инвестициялык кызматташтык келишимди, жумушчу топту түзүү боюнча макулдашылды.
