Кыргызстанда 73 жаштагы бейтапка жүрөктүн аорталдык клапанын имплантациялоо боюнча уникалдуу операция жасалды
2025-жылдын октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 73 жаштагы абалы өтө оор бейтапка аорталдык клапанды транскатетер аркылуу имплантациялоо (ТАВИ) боюнча жогорку технологиялуу уникалдуу операция ийгиликтүү аткарылды.
Бейтапка «Критикалык аорталык стеноз жана жетишсиздик, митралдык жана трикуспиддик клапандардын III даражадагы жетишсиздиги» деген диагноз коюлган. Эхокардиографиянын жыйынтыгы боюнча жүрөктүн чыгаруу фракциясы болгону 26% түзүп, бул өтө оор жүрөк жетишсиздигин көрсөтүп турган.
Буга чейин ал Новосибирск шаарындагы академик Мешалкин атындагы клиникада консультациядан өткөн. Ал жерде ашказандын жара оорусуна жана кан кетүү коркунучунун жогору болушуна байланыштуу кошумча дарылоо сунушталган.
