Лейлек районунун тургуну Тажикстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган
Лейлек районунун тургуну Тажикстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 19-февралда саат 21:50 чамасында "Кулунду" заставасынын аймагындагы Интернационал айылында чек арачылар Лейлек районунун Максат айылынын тургуну Улукбек Жайнаковко таандык Porter үлгүсүндөгү автоунаасын токтоткон.
Автоунаада тийиштүү иш-кагаздар жок 4 баш бодо мал болгондугу аныкталган.
Белгилей кетсек, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймактарында аткезчиликке жол бербөө максатында мобилдик топтор түзүлүп, чек ара аймактары дыкат көзөмөлгө алынган. Жергиликтүү тургундарга аткезчиликке барбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Өкүлчүлүктөн ага карабай мыйзамсыз иш аракеттерге барган жарандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.
