Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Чунцин шаарынын ортосундагы кызматташтык аракеттери талкууланды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
29 май

Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Чунцин шаарынын ортосундагы кызматташтык аракеттери талкууланды

Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Чунцин шаарынын ортосундагы кызматташтык аракеттери талкууланды. Бул тууралуу 28-майда облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан “Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумунун жана боордош шаарлардын жолугушуусу” алкагында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Манасбек Базылбеков Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарынын Элдик өкмөтүнүн Тышкы иштер башкармалыгынын директорунун орун басары Ли Минцюань баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда Жалал-Абад облусу менен Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарынын ортосундагы достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, темир жол жана авиация багыттары боюнча адистерди даярдоо, соода-логистика, инвестиция жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.