Япониянын калкы акыркы беш жылда 3,09 миллион адамга кыскарды
29 май

Япониянын калкы акыркы беш жылда 3,09 миллион адамга кыскарды

Япониянын калкы акыркы беш жылда 3,09 миллион адамга кыскарды — бул улуттук статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң ири төмөндөө болду. Мындай маалыматтарды өлкөнүн Административдик иштер жана коммуникациялар министрлиги жарыялады.

Акыркы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, 2020-жылдан бери өлкө калкы 2,5%га азайып, учурда болжол менен 123 миллион адамды түзөт. Калктын санынын төмөндөшү катары менен үчүнчү ирет катталууда — туруктуу азайуу алгач 2015-жылы байкалган.

Бийлик демографиялык кризистин негизги себеби катары калктын табигый азайышын атады: өлкөдө өлүмдүн саны төрөлгөндөрдөн кыйла көп болууда. Мындан тышкары, коомдун тез картаюусу да таасир этүүдө — Япония дүйнөдөгү эң “карыланган” өлкөлөрдүн бири бойдон калууда.

47 префектуранын экөөсүндө гана калктын өсүшү катталган. Токио шаарында тургундардын саны 1,4%га көбөйсө, Окинавада 0,1% өсүү байкалган. Калган аймактарда, айрыкча айыл жерлеринде, жаштардын ири шаарларга массалык көчүүсүнөн улам калк саны азайууда.

Эксперттер калктын мындан ары да кыскарышы жана картаюусу жумушчу күчүнүн тартыштыгына, саламаттык сактоо жана пенсиялык камсыздоо системасына күч келгенине, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн жайлашына алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.