«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы «Магистраль Awards» сыйлыгына татыды
«Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аба транспортунун өнүгүшүнө жана аэропорт инфраструктурасын жакшыртууга кошкон чоң салымы үчүн абройлуу «Магистраль Awards» сыйлыгы менен сыйланды.
«Магистраль Awards» сыйлыгы — бул транспорт тармагындагы эң беделдүү сыйлыктардын бири. Ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук компаниялары менен уюмдарынын эң мыкты өкүлдөрүнө ыйгарылат. Бул сыйлык кесиптик жетишкендиктерди гана эмес, жаңы инновацияларды ишке ашырууда жана ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу башкаруу жөндөмүн белгилейт.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгынын төрагасынын жетекчилиги алдында өлкөнүн аэропортторун модернизациялоого жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. Ал инфраструктураны өнүктүрүүгө, коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана процесстерди стандартташтырууга чоң салым кошту. Бул өзгөрүүлөр Кыргызстандын туристтик агымын көбөйтүүгө жана өлкөнүн Борбордук Азиядагы транспорттук түйүн катары имиджин жакшыртууга өбөлгө түздү.
