Уланбек Сатиев
21 октябрь
Президент УТРКнын башкы директорун алмаштырды
Президент Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорун алмаштырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынып: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Тиллебаев Болотбек Кочкорович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Мамлекет башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык, Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды.
