“Кыргыз почтасы” ААК жана “Россия почтасы” АК жаңы логистикалык коридорду түзөт
VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААК жана “Россия почтасы” АК жаңы логистикалык коридорду түзүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун башталышын белгилеп, папка алмашуу аземин өткөрүштү.
Документ эл аралык почта жөнөтүүлөрүн аба жана жер үстүндөгү транспорт менен Кыргыз Республикасы аркылуу Россия Федерациясына жеткирүү үчүн түз транзиттик маршрутту уюштурууну карайт. Келишимди ишке ашыруу эл аралык логистиканын натыйжалуулугун жогорулатууга, жеткирүү мөөнөттөрүн оптималдаштырууга жана почта алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
“Кыргыз почтасы” ААКнын атынан салтанатка башкы директордун орун басары Уулжан Масиянова, “Россия почтасы” АК тарабынан эл аралык бизнес боюнча дирекциянын жетекчиси Андрей Бушманов катышты. Кызматташтыктын жаңы багыты эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөдө жана заманбап почта-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.
