Бишкек мэриясында жаңы дайындоолор болду
Сапарбай кызы Аида Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору болуп дайындалды.
Дайындоо КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 "Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана күчтүү жаштарды тартууга багытталган мамлекеттик кадр саясатынын алкагында жүргүзүлдү.
Тиешелүү буйрукка борбор калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
