Мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын жаңы казысын кабыл алды
4 июнь

Мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын жаңы казысын кабыл алды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын жаңы казысы Самидин кары Атабаевди кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Өз сөзүндө мэр Самидин Атабаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, этностордун ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча казыяттын жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эске сала кетсек, Оштун буга чейинки казысы Мирланбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан кармалган. Ага анын мечит, медреселерден системалуу түрдө акча чогултуп келгендиги жүйөө келтирилген.