Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
www
24 апрель

Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу билдирүү таратып, алыс жолго аттанган айдоочуларды сак болууга чакырды. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда,

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.