Табиятты эми “техникалык бүркүт” кайтарат
1 август

Табиятты эми “техникалык бүркүт” кайтарат

Түп районунун Михайловка айылынын көл жээгиндеги аймакта Борбордук Азиядагы эң заманбап жана кубаттуу видеокөзөмөл системаларынын бири – OPTIX GUARD – расмий түрдө ишке кирди. Бул инновациялык система Европанын OPTIX компаниясы тарабынан иштелип чыгып, учурда техникалык тестирлөөдөн өтүүдө.

OPTIX GUARD – бул жөн гана камера эмес, жасалма интеллектке ээ көп функциялуу комплекстүү байкоо системасы. Ал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ:

• 5 чакырым алыстыктан адамды тааныйт;
• 4 чакырым алыстыктан транспорт каражаттарын айырмалап билет;
• Түнкүсүн, туманда жана жамгыр шартында так иштейт;
• Сүрөттү 120 эсеге чейин жакындата алат;
• Лазердик алыстык өлчөгүч менен 0,5 метр тактыкта ченейт;
• 360° бурчта айланып, ар бир кыймылды көзөмөлдөйт.

«Бул – техниканын бүркүтү. Көзү түн ичинде да көрөт, багыты — жогорку тактык. Болгону – кадимки бүркүттөн да кубаттуу», – деп мүнөздөмө берди Кырдаалдык борборунун оператору.

Долбоордун алкагында дагы эки система – OPTIX MS One жана ZDZQ KCG01 – Түп районунун Кутургу айылына жана Жети-Өгүз районуна орнотулду. Үч системанын тең маалыматтары Ысык-Көл ОИИБдин жана ИИМдин Кырдаалдык борборуна реалдуу убакыт режиминде түз берүү менен туташтырылган.

Бул системалар укук коргоо органдарына ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, коомдук жана экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Учурда бардык жабдуулар сыноо баскычында. Натыйжада эң эффективдүү система тандалып алынып, Ысык-Көл облусунун стратегиялык маанидеги дагы сегиз объектисине орнотулат.

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу жаратылышты жана коомдук тартипти карапайым күзөтчү эмес, “техникалык жырткычтар” кайтара баштады. Алар түлкүнү бадал арасынан, браконьерди туристтердин арасынан таап чыгууга кудуреттүү.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашып, Ысык-Көл жээгинде коомдук тартип менен экологиялык коопсуздуктун жаңы барагын ачууда.